Бала сатуу кылмышына шектелип кармалгандарга дагы бир айып тагылды
Новость www

POST1RIGHT

Адам сатуу беренеси боюнча айыпталып жаткан гинеколог дарыгерлерге карата дагы эки кылмыш иши козголду. Тагыраак айтканда, "бойдон мыйзамсыз алдыруу" жана "жасалма документтерди даярдоо, колдонуу" беренелери боюнча. Учурда 4 дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мамлекеттик медициналык мекемеде иштеген бир катар акушер-гинекологдор ич ара сүйлөшүп алып, мыйзамсыз бойдон алдырууну ишке ашырып келген. Мындан сырткары боюнан алдыруу үчүн келгендерди төрөтканадан сырткары жайларда төрөтүп, ымыркайларды сатып жүргөн.

Шектелгендердин бири №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан сырткары жеке клиникада иштеп келген. Өзүн алгач клиниканын администраторумун деп тааныштырган айымдын айтымында, акушер бир жумадан бери жумушка чыккан эмес.

Кармалгандар Бишкек шаардык №4 перинаталдык борборунун дарыгерлери деген маалыматты тактоо максатында аталган борбордун башкы дарыгерине кайрылдык.

Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай камакка алынгандар Кыргызстанда төрөлгөн. Дарыгерлерде КМШнын айрым мамлекеттеринин паспорту бар экени аныкталган. Иликтөө иштери уланууда.