Май күйүүчү жай айыл ичинен канча чакырымга алыс жайгашуусу керек? Көпчүлүк жайлар тиешелүү коопсуздук эрежелерин сактай бербейт.
Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында так үйлөрдүн арасынан орун алган май күйүүчү жай бар. Тургундардын нааразылыктарына эч ким маани бербей келет. Анысы аз келгенсип, так түбүндө бала бакча да бар. Айылдагы жашоочулары үчүн жакын жайгашканы кооптуулук жаратканы аз келгенсип, алардын ден-соолугуна да зыяндуу заттарды таратууда, - деп маалымат жөнөтөт айласы түгөнгөн айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.