Элдик репортер: Маршруттук каттам жүргөн жолдун абалына мэр көңүл буруп койсо...
Новость

Ош шаарындагы Достук кичи шаарчасынын 45-көчөсүнүн жолунун акыбалы оор. Ал жолдо шаар каттамындагы №155 маршруттук унаалар жүрөт. Мындан тышкары бул жол Ош шаарынын чыгыш-түндүгү менен түштүк-батышын бириктирип тургандыктан, башка автоунаалардын дагы каттамы үзүлбөйт. Убагында 350-400 метрдей жерине  асфальт төшөлүп, калган каражат сол чөнтөккө кетип, аягына чыкпай калган. Жайында жолдун чаңы үйлөрдү каптаса, кышында тротуар жок болгондуктан басууга кооптуулук жаратат. Көйгөйдү айтып кайрылганбыз, бирок көңүл бурушкан эмес. Мындай кайрылууну Ош шаарынын аталган көчөдө жашаган тургундары жөнөткөн.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.