Ош шаарынын Зайнабидин көчөсүндөгү №6-8-10-14-16 үйлөрүнүн ортосунда таштанды урналары орун алган. Бул жерге жакын жайгашкан наабайкана иштеткендер,урналарга ысык күлүн төккөндү адатка айландырып алышкан. Анын айынан урнадагы таштанды күнүгө түн жарымга чейин түтөп турат. Шаар тургундарынын аларга айтып, аракет кылганынан натыйжа жок.
Түн жарымга чейин түтөгөн таштандынын түтүнү кабат үйлөрдү каптап кетет. Ал эми айланасында эртели кеч ойногон балдар да бар. Буга кандайдыр бир чара көрүлөбү?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.