"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну Челюскин жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде жол оңдоочулар артык кылабыз деп тыртык кылган көрүнүш жөнүндө видео материал жиберген.
Канализацияга кошуу үчүн касышып, канализацияны кошкондон кийин эптеп-септеп топурактарды нары-бери ыргытып коюп кетип калышты. Азыр жакшынакай жолдорубуз аңгыл-дөңгүл. Биздин көчөгө бурулган бурулушта дагы деле кичине жерден касылган чуңкур жабылбаган бойдон турат, авто унааларыбыз эмес жөө адам эптеп өтүп атат, - деп билдирет окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.