"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган. Анын айтымында,
Бишкек шаарындагы Ибраимова көчөсүндөгү √249-3 үйдүн алдындагы турган электр түркүгү, кыйшайып жыгылганы турат. Менин үйүмдүн чатырын кыйшайтып басып калды. РЭСтин начальнигине арыз бергем, барып жазайбыз дегенине эки ай болду, чалып атып келтире албай койдум. Же булардын чөнтөгүнө акча бериш керекпи, анан келип оңдошобу? Өз иштерин аткаралбаса эмнеге отурушат, бекер айлык алышыпбы? Бул электр түркүгү куласа бир, эмес үч короону басып калат, ойноп жүргөн кичине балдаргада зыяны тийет. -дейт кайрылуусунда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.