Элдик репортер: Көп жылдан бери оңдоо иштери журбөгөн сейил багындагы жол
Новость

"Элдик репортер" рубрикасы иштей баштагандан тарта өлкөбүздө элге эч кандай шарт түзүлбөгөндүгүнө ынануудабыз. Бир эле мисал, өлкөнүн борбор шаарында Бишкекте элдер бош убактысын өткөрүп, сейилдечүү болгон шарттары менен сейил багынын жоктугу. Сейил бактары бар бирок шарттар түзүлгөн эмес. 

Бүгүн да окурманыбыз Ахунбаев жана Советский көчөлөрүнүн кесилишиндеги Эмен (Дубовый) сейил багындагы цемент такталарынын (плитки) эскилиги жетип, бөлүктөргө бөлүнүп урап, арыктын үстү ачылып тургандыгын сүрөткө тартып жиберген. Сейил багында көбүнчө балалуу энелер, кары-картаң адамдар жүрөөрүн көрөбүз, анан эмнеге кичинекей жолду оңдоп берип коюшпайт?



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.