Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында суу агуучу арыктар көптөн бери тазаланбай андагы суу кирдеп, жагымсыз жыт жыттанып жатканына тургундар нааразы болуушуда. Арыктар убагында каралбагандыктан жыл сайын ушундай көйгөйлөр жаралып келет. Кароосуз калган арыктарды эмне үчүн "Жалал-Абад тазалык" ишканасы карабайт, бул көйгөйдү көзөмөлдөгөн киши барбы?- деп билдирди окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.