POST2LEFT
Бишкекте сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган акушер кармалды. Мындан улам Кылмыш жана жаза кодексинин 116 -беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун Башкы прокуратуранын балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Нуржан Талантбек уулу маалымат жыйынында билдирди.
POST1RIGHT
Буга чейин бала сатууга шектелип 4 акушер-гинеколог тергөө абагына түшкөндүгүн ИИМден билдиришкен болчу. Алардын үчөөнө кылмыш иши козголгон. Сентябрь айынын башында медицина кызматкерлери шаардагы төрөт үйлөрүнүн биринде ымыркайларды сатып, ата-энелерине балдары чарчап калгандыгын айткан маалымат интернет булактарында пайда болгон.
Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"