Өлкөдө бала сатуу боюнча кылмышка сегиз акушер-гинеколог шектелүүдө
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHTӨлкөдө бала сатуу боюнча кылмышка сегиз акушер-гинеколог шектелүүдө. Алардын төртөө убактылуу кармоочу жайда. 

ИИМдин тергөө кызматы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Азиз Нурбеков билдиргендей, борбор калаада ымыркайларды 1 миң долларга жана андан да кымбат сатышкан. 

Кармалган сегиз дарыгерге балдарды сатуу боюнча үч кылмыш ишинин негизинде айып тагылууда. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айрым дарыгерлер мыйзамсыз негизде бойдон түшүрүп, шарты жок жерден төрөт кабыл алып, ымыркайларды сатып жүрүшкөнү маалым болгон. 

Учурда тергөө абагында жаткан төрт адамга Кылмыш-жаза кодексинин "адам сатуу", "мыйзамсыз аборт кылуу" жана "жасалма документтерди даярдоо, колдонуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.