Элдик репортер: Зарыл жерге эмес, Зардалыга чийилген жол сызыгы
Новость www

"Элдик репортер" рубрикасына борбордон келген маалымдамалар болобу айыл аймактарынан келеби көбүн эсе эл жол маселеси боюнча келет. Бул ирет да шаар тургуну Манас проспектиси менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол сызыгынын маселесин видеого тартып жиберген. Бул дагы бир жолу биздин өлкөдө бир нерсе элдер үчүн эмес, а план боюнча, өйдө жактан тапшырма келген үчүн жазалаарын айгинелеп турат. 

Жөө жүргүнчүлөр жолдон өтүү үчүн жол четиндеги бактарды аралап өтүп арыктан аттап анан жол сызыгына чыгышат. Жолдун нары жагында да ушул эле көрүнүш, аллея менен трассанын ортосу кошулган эмес. Жол оңдоочулар жолду оңдоп атканда кандай логика менен жол сызыгын чийишти болду экен?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.