Таш-Көмүр шаарынын А.С.Пушкин атындагы №12 мектептен көп алыс эмес жерде оюн залы бар. Буга көпчүлүк ата-энелер нааразы. Анткени азгырыктуу оюнга кызыккан окуучулар, ата-энелерге ар кандай шылтоо айтышат дагы үйгө кеч келишет.
Ал тургай айрым сабактарды дагы калтырып, анын ортосунда ойноп келүүгө куштарлары бар. Мектептин жанындагы оюн залын кантип жаптырсак болот? Мектеп директоруна дагы кайрылдык. Бирок башын ооруткусу келбегендей, -деп айласы түгөнгөн ата-энелер биздин рубрикага кайрылган.