Окуу жылы башталбай жатып эле койгөйлөр биринин артынан бири суурулуп чыга баштады. Мамлекеттик деңгээлге чейин жетип, президент билим министри менен жолугуп маселелерди чечүү жолдорун талкуулугандыктарынан баарыбыз эле кабардарбыз. Бирок тилекке каршы өлкөдө билим маселесине байланышкан көйгөйлөр бир кундө эле чечилүүгө мүмкүн болбогон масштабда. Абдан көп. Бугүн дагы окурманыбыз борбордогу Көк-Жар жаңы конушундагы №88 мектептин көйлөрүн чагылдрган видео материал жиберген.
Мектепте оңдоо иштери көптөн бери жүрөө элек. Парталар жетпейт. Окуучулар үчтөн отурууга мажбур болушууда. Жылытуу системасы жок. Анысы аз келгенсип, дааратканасы жок, - деп билдирет окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.