Айдоочулардын эреже сактабай, каалагандай рулду башкарганынан акыркы убакта катталган жол кырсыктары көп. Жол эрежелерине байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, айып пулдун жогорулаганы да айрым айдоочулардын мурдун балта чабаар эмес. Анткени, кандай эреже бузба келип эле акча чечип коеру баарына маалым эмеспи.
Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүнөн Ахунбаевге чейин Чапаев көчөсү аркылуу айдаган окурман каршы тилкеде турган айдоочуларды видеого тартып жөнөткөн. Мындай көрүнүш бир эле бул жерде эмес, борбор калаанын көп жерлериндеги көнүмүш жагдай.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.