Айдаркен шаарындагы кабат үйлөрдүн жанынан орун алган таштанды төгүлчү аңдардан саан уйлар чыкпайт. Керелден кечке ушундай таштанды төгүлгөн жерлерде жүрүшөт.
Аларды карап, атайын отоо жерлерге айдаган адам жок. Бирок сүттөрүн сатышат. Ушундай таштандыдан тамак издеген саан уйлардын сүтү ден-соолукка зыян эмеспи? Биз көп жерге кайрылдык бул маселе боюнча. Бирок жыйынтык болгон жок, - дейт биздин рубрикага маалымат жөнөткөн шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.