Базардагы башаламан көрүнүш Баткен шаарында дагы бар. Бизге маалымат жөнөткөн окурмандын билдирүүсүндө Баткен шаарында орун алган базарда сатуучулар ичине олтурбай эле, унаа өткөн жолдун ортосуна чейин чыгып алышкан.
Мындай башаламан жагдайды жөнгө салбаса, жакында базардын айланасынан автоунаалар өтө албай калышат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.