Быйыл борбор калаанын бир нече конуштары газдуу болду. Бирок газ тартып жаткан учурда, көчөлөр казылган бойдон калып, аны кайра түздөбөй кеткендерге нааразы болгондор да жок эмес.
Биздин рубрикага газ тартылгандан кийин, көчөдөн автоунаалар менен өзүбүз басууга мүмкүн болбой калды. Айрыкча жаандан кийин ылайга малынып калдык. Газды тартып жатышканда кайра жолуңар оңдоп-түздөлөт деген убадалар кана? Ошол бойдон кайрылбай кетишти-, деп кайрылган шаар тургундары көп болууда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.