"Арча-Бешик" конушунда Дооронбек Садырбаев атындагы көчөдө (мурунку Бах көчөсү) оңдоп-түзөө иштери бүтүп калды. Түштүк магистрал менен кесилишкен жер. Бирок бул жерге тротуар мыйзамсыз чыгып кеткен чектин айынан салынган жок.
Жол ачылса, ушул жердеги №93 мектепке барган окуучулар кантип катташат? Алар унаалар каттаган чоң жолдун жээги менен басууга туура келип калат. Эмне үчүн ушул жердеги мектепти, анда окуган окуучуларды эске алып, мэрия тротуар жагын караштырган эмес, - деп кайрылуу жөнөтүшкөн аталган райондун тургундары.