Бүгүн гениалдуу хирург Иса Ахунбаевдин туулган күнү. Ал тирүү болгондо 110 жашка чыкмак. Даңктуу хирургду замандаштары, шакирттери жана жакындары эскеришти.
Көзү өткөндөн бери Иса Ахунбаевди балдары менен Кыргыз Мамлекеттик Медицианык Академиясындагылар жыл сайын эскерип келишет.
Орто Азияда биринчи жолу жүрөккө операция жасагандыгы менен Ахунбаевдин аты тарыхта калган. Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногон.