Өлкө боюнча кышка даярдык иши кандай жүрүүдө?
Новость www

Суук маалында керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергия менен камсыздаш үчүн, энергетиктер учурда жогорку вольттогу көмөкчордондордун күч трансформаторлорунун кубаттуулугун жогорулатуу жолу менен жүктөмдөрүн бөлүштүрдү. Мындан сырткары Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына 33 кошумча трансформатордук көмөкчордондорду орнотту.

POST1RIGHT

Кыш мезгилине даярдык көрүү иштеринин журүшүндө 82 млн сомдон ашуун каражатка жабдуулар оңдолду: Айта кетсек, 929 трансформатордук көмөкчордон, 34 жогорку чыңалуудагы көмөкчордон, 1582 чакырымдан ашуун аба электр чубалгылары оңдолду. Мындан сырткары катуу шамалга жана калың карга туруштук берүүчү 77 чакырымдан ашык чубалгылар орнотулду.

Жылдан-жылга калктын электр энергияны керектөөсү өсүп жаткандыктан дал ушул электр чубалгыларына, трансформаторлорго жана көмөк чордондорго күч келет.