Элдик репортер: Убактылуу ооруканага айланган ашкана
Новость KTRK/videograp

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы үй бүлөлүк оорукана жаз айынан бери оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. Ошондон бери бейтаптарды кабыл алчу жай ашканага көчкөн. 

Күн сууктап калганына карабай, ооруканада оңдоо иштери уланбай жатат. Ашкананын алдында балдары менен кезек күткөндөрдүн саны көп. Биздин жагдайга бийлик өкүлдөрү көңүл буруп койсо, - деп кайрылган айыл тургундары


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.