Нарын шаарындагы 121 үйдүн жашоочулары "Элдик репортер" рубрикасына кайрылышкан. Алардын айтымында, биз 121 үйдүн 3 этажында жашайбыз, балкондун жанында эле электр чубалгылары өтөт. Шамал болгондо электр чубалгылары бири-бирине тийишип, жамгыр жааганда ток ууру коркунучда жашайбыз. Канча жолу кайрылдык эч жыйынтык жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.