Элдик репортер: Ноокаттагы "Агарт" башталгыч мектебинин учурдагы абалы
Новость KTRK/videograp

21-кылымда эч кандай шарты жок, мектеп деген эле аты бар жерде окуучулар билим алышат экен.

Мындай маалыматы менен бөлүшкөн окурман, бизге Ноокат районунун Жаңы Ноокат айыл аймагынын тоо тарабында ачылган, учурда  14 окуучу билим алган "Агарт" башталгыч мектебинин абалын тартып жөнөткөн. 

Эптеп ылайдан тургузулган мектептин ачылганына 1 жыл болгон. Айылда электр жарыгы жок. Билим берүү мекемелеринен аталган мектепке келип кабар алган адис болгон эмес.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.