Чолпон-Ата шаарындагы 350 бала барган "Ай-Данек" бала бакчасы окуу жылы башталганда, оңдоо иштерине байланыштуу жабылып калды. Жайкы эс алууда жасала турган иш күзүндө башталып, ата-энелер балдарды кайда таштарды билбей айлабыз кетип жатат. Башка бала бакчаларга барсак орун жок деп балдарды албай жатышат. Тиешелүү мекемелерден тез арада бала бакчаны ишке киргизүүсүн өтүнөбүз,-деп кайрылат ата-энелер.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.