Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Корумду айылынын отурукташканына 30 жылдан ашса дагы, электр түркүктөрү орнотулган эмес. Күтүп жадаган тургундар өзүлөрү эптеп ар жерге түркүк орнотушуп, электр жарыгын тартып алышкан. Бирок катуу шамал болсо эле араң орнотулган түркүктөр жулунуп түбү менен оңторулуп түшүп калат.
Кайрылбаган жерибиз калган жок. Айыл өкмөтү, акимге чейин бардык. Бирок үнүбүздү уккусу келген же биздин айыл үчүн аракет кылгысы келген адам болгон жок.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.