Ала-Бука районунун 1-Май айылына каттаган жолундагы өтмөктөрүнө оңдоо иштери башталып, бирок иш жылбай турат. Стратегиялык маанидеги жол 4 айыл өкмөтүн байланыштырат. Учурда жолдун абалына мышык ыйлай турган болду.
Айла жоктон эптеп каттаганга туура келет. Тендер жолу менен келген компания ишти ылдамдатып, жолду кышка чейин тездетип берсе жакшы болот эле. Булардын иштөө нормасын көзөмөлдөгөн адам жокпу?- деп кайрылат айыл тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.