Cапатсыз уксус сатып алуудан абайлаңыз
Новость

Бишкектин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы “Берекет” жана “Ош” базарларында сапатсыз уксус сатыкка чыкканын эскертти. Көзөмөлдөөчү органдан билдиришкендей, “Уксусная эссенция 80%" деп аталган азык үй шартында жасалып, анын юридикалык жана уруксат берүүчү документтери, лабораториялык изилдөөнүн документациясы жок болуп чыкты. 

Мындай уксус адамдын ден соолугуна кооптуу жана азык-түлүктөрдү консервациялоо мезгилине байланыштуу тамактан массалык уулануунун келип чыгышына себепкер болушу ыктымал.