Элдик репортер: Таза суудан кыйналган шаар тургундары
Новость KTRK/videograp

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын бир нече кичи райондору таза суусу жок олтурат. Жамгыр жааганда суу ылайланып, ичүүгө мүмкүн эмес. Ал эми жаз айларында шаар тургундары сууну мал үчүн гана колдонушат.  

Өкмөткө шаардын тургундары толук камсыз болду деген мэрдин, ыйгарым өкүлдүн отчетторун угуп таң калып жатабыз. Чындап келгенде шаардын бир нече райондорунда таза суу жок. Жамгыр жааганда ылайга айланат. Атайын суу үчүн бөлүнгөн акча каражаты кайда жумшалууда?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.