Бишкек шаарындагы Эркинбек Матыев менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде жолго чейин чыгып кеткен курулуш иштери жүрүүдө. Анысы аз келгенсип, киши өтчү жерине курулуш материалдарын коюп алышкан. Биз мындай мыйзамсыз көрүнүштөрдү тиешелүү мекемелерге жеткирүүгө аракет кылдык.
Бирок таянычы чоң окшойт, эч кандай чара колдоно алышкан жок. Ушул көчө аркылуу №54 мектеп менен №118 бала бакчага катташат. Качанкыга чейин мыйзамсыз курулуштарга жол берилет?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.