Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын Кыдыр Аке көчөсүнүн №18 үйдүн жанында кылым карыткан, чирип калган дарак бар.
Араң турган дарак биздин гана эмес, коңшулардын дагы үйлөрүнө кооптуулук жаратууда. Айыл өкмөтүнө 5-6 жылдан бери арыз жазып кайрылып келебиз. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Кудай сактасын, дарак эмес, анын бутагы эле катуу шамалда сынып кетсе үйдүн чатырынан айрылабыз,- деп деп кайрылган окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.