Быйыл Бишкек шаарынын бир нече көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Айрым жерлерде оңдоо иштери дагы деле уланууда. Бирок шаар тургундарын нааразы кылган жагдай, жолдун сапаты талапка жооп бербегендиги болууда.
Үмөталиев көчөсүндө суткалап калган муздак асфальтты төшөп жатышат. Асфальт ысык бойдон төшөлөт эмеспи. Бул жердин иштөө планы аягына чыкканбы. Өтө тездик менен эптеп эле бүткөрүп жатышат, - деп маалымат жөнөткөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.