Базар-Коргон районундагы сайга суунун жоктугунан пайдаланып, жергиликтүү тургундар койдун терисинен баштап, колуна тийген таштандыны баарын чогултуп ыргытып жатышат. Сайдан аккан суу жаздан тартып, сугат үчүн башка жактарга бурулат. Ошол мезгилден тартып, бул сай таштанды талаасына айланат.
Ал эми суу кайра күздө келгенде, таштандынын баары төмөнкү айылдарга агып кетет. Бул жерди тиешелүү мекемелер көзөмөлгө алып, тургундарга тыюу салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы болмок. Анткени жыл сайын ушул көрүнүш кайталанып келет, - дейт маалымат жөнөткөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.