Элдик репортер: Жолдун так ортосуна чейин чыгып кеткен үй
Новость KTRK/videograp

Борбор калаадагы жолдор оңдолуп, шаар тургундарын сүйүнткөнү менен, мыйзамсыз түшкөн үйлөрдүн айынан көпчүлүк жерлерде тротуарлар орто жолдон үзүлүп калууда. Аянтын кеңейткиси келген амалдууларга мэрия тараптан кандайдыр бир чара көрүлөбү? Же сол чөнтөккө түшкөн  акча каражаты менен көз жаздымда калабы? 

Мындай нааразычылыгы менен шаар тургуну кайрылган. Анын тартып жөнөткөн видеосунда 4-шаардык оорукананын жанындагы Күн-Туу айылына кеткен жаңы оңдолгон жолдун тротуары орто жолдон үзүлүп калган. Анткени ал жердеги үйдүн аянты тротуар эмес жолдун ортосуна чейин чыгып кеткен.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.