Элдик репортер: Бири-биринен жол талашкан маршруттук айдоочулар
Новость

Акыркы учурда маршруттук айдоочулар жол талашып, бири-бирине жол бербей, жарышып айдагандар көбөйүүдө. Айдоочулар мындай жоруктары менен жол эрежесин бузуп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

Дал ушундай көрүнүш менен "Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну видео тартып жөнөткөн.

Бишкек шаарындагы Манас менен Ахунбаева көчөсүнүн кесилишинде бара жатабыз. 28 55 номерлүү №100 маршруттун айдоочусу №132 маршруттун алдын тороп, жол бербей, жарышып айдап бара жатат. Булар эмне адам ташып бара жатышабы жээ малбы?- деген окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.