Элдик репортер: Жаңы салынган жолду кастырып жаткан эргулдар
Новость KTRK/videograp

Мэрияда жол оңдоону көзөмөлдөгөн бир адам барбы деги? Бул убакытка чейин оңдолуп жаткан жолдун четиндеги бири жаңы бири эски жол тосмолору, жаанда оңдоо иштери жүрүп жаткан жол, жаңы салынган күйүүчү тосмолордун иштебей калганы ж.б. жөнүндө маалымдамаларды чыгарган болсок, бүгүнкү келген видеодо аялдамадагы эптеп жаңы төшөлгөн цементти касып, канализация киргизилип жаткан күркө жөнүндө айтылган. 

Бул аялдамада мурун да башка күркөлөр бар болчу. Аларды биз ар кайсы мекеменин эшигин каккылап атып эптеп алдырып, жерине цемент төшөттүргөнбүз. Эми көп убакыт өтпөй эле, өзүңүздөр көргөндөй, кастырып башка алынбай калган күркөгө суу киргиздирип жатышат. Устү жакта жакшы тааныштары бар эени айдан ачык көрүнүп турат. Жинибиз кайнап, ичибиз ачышканын айтпай эле коелу, - деп билдирет окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.