Бишкекте жашыл аймактар көбөйүүдө
Новость KTRK/videograp

Юлиус Фучик атындагы сейил багынын 1999-жылы мыйзамсыз сатылып кеткен 1,3 гектар аянты кайрадан муниципалдык менчикке кайтарылышы керек. ГҮЛ 3КАМ: 4-октябрдан тарта Ленин райондук соту аталган жер тилкеси боюнча ишти карай баштайт. Эгерде сот шаардын пайдасына чечсе, аянт камкордукка алынат. Ал эми 8 жыл мурда күйүп кеткен башкы прокуратуранын имаратынын ордуна эс алуу багы курулат. Калаа жетекчилиги салына турган сквердин болжолдуу эскизин көрсөттү.

Фучик паркынын тарыхы тээ союз мезгилине барып такалат. 1935-жылы сейил бактын айланасына жаңыдан бак отургузулуп, кийинчерээк эс алуу жайына айланган. Союз ыдырап, приватизация учурунда 7,5 гектар аянттын 1,3 гектары жеке ишкерлерге мыйзамсыз сатылып кеткен.

1,3 гектар жерди шаар бийлиги менен жеке ишкерлер 2015-жылдан бери талашып келет. Өткөн жылы сейил бактын борбордук бөлүгүнөн орун алган кинотеатр муниципалдык менчикке кайтарылган болчу.

Орозбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан прокуратуранын күйүп кеткен имараты сүрүлүп анын ордуна эс алуу багы курулат. Улуттук калоритти камтыган фонтан менен отургучтар коюлуп, айланасы жашылдандырылат. Ал эми асты унаа токтотуучу жай болот. Акыркы убакта Бишкектин айланасын жашылдандырууга көбүрөөк басым жасалууда. "Жашыл чарба" ишканасы 12-кичи райондо, Көк-Жар менен Арча-Бешик конуштарында тургундардын ынгайлуулугу үчүн сейил бактарын куруп жатат. Учурда Түштүк магистралдын эки тарабына жөө баса турган аллеяны куруу иштери кызуу жүрүүдө. Анда веложол дагы камтылган. Муниципалитеттен билдиришкендей аллея 1-ноябрда пайдаланууга берилет.