Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы Бороонду сайынан шагыл алышат. Ал жер айылга жакын болгонуна байланыштуу кышында мал суу ичет. Барган сайын тереңдетип касып алып атышат. Муз тоңгондо балдар ойнойт, мал барат түшүп кетсе ким жооп берет,- деген окурманыбыз "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.