Сиздерден сураныч, биздин көйгөйүбүз болгон маршруттук унаалардагы көрүнүштү теледен көрсөтүп, тиешелүү тараптарга жеткирип бериңиздерчи, - деп кайрылуу менен видеосун жөнөткөн.
Бишкектин борбору Чүй көчөсү менен чыгып, Аламүдүн базары, ГЭС 2, ГЭС 3 аймагын басып өтүп, Мыкан айылы жана анын жаңы конуштарына, Үчхоз конушуна чейин жалгыз каттаган 171- эл ташуучу маршруттук унаага борборго келип иштеген бардык адамдар, студенттер, окуучулар түшүшөт. Анткени, башка маршруттук катам жок.
Эл көп болгондуктан айдоочулар адамдарды ченемсиз салгандыгы, коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы видеодо көрсөтүлгөн. Аталган унаа каттам "Каниет" ЖЧКсына тиешелүү экендиги видеодо берилген. Аталган аймактардын жашоочуларынын көйгөйүн, элдин коопсуздугун ким ойлойт?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.