Элдик репортер: Аялдамадагы арыктардын үстүнө коюлган темир торчолор уурдалууда
Новость KTRK/videograp

Борбор калаанын Ак-Ордо конушунун айрым жаңы салынган аялдамаларындагы арыктардын үстүндөгү темир торчолор уурдалууда. Мындай маалыматы менен бөлүшкөн окурман төмөндөгүдөй пикир калтырган:

Конушка жаңы эле түшкөн аялдамалардагы темир торчолор тоноло баштады.  Алардын бири Б.Алыкулов көчөсүндөгү аялдама. Эгер сиз түндөсү бул аялдамалардын бирине келсениз, абайлашыныз керек. Чункурчага бутунуз кирип кетип, сынып калышы ыктымал. Ансыз экономикасы сазга баткан мамлекетибизди тоноп жаткан ууруларга наалат айтмакчыбыз. Ойлонолу. Мамлекетти көтөрүү баарыбыздын милдетибиз!


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.