Элдик репортер: Чолпон-Атанын көркүн бузган эски имараттар
Новость KTRK/videograp

Жылына миндеген туристтерди кабыл алган Чолпон-Атанын көркүн бузган имараттар бар.  Союз убагынан калган бул имараттар кароосуз калып, таланып отуруп дубалынын урандылары гана турат. Мындай маалыматты шаар тургуну Элмира Айдиева жөнөткөн.

Чолпон-Ата шаарынын чоң жолунда союз убагынан калган кургак учук менен ооругандардын санаториясынын  эски имараты турат. Имарат Саламаттык сактоо министрлигине, ал эми жер шаар мэриясына тийиштүү экен. Ортодо талаш тартыш маселе бүтпөй келгендиктен, имараттын багы ачылбай келет. Дагы бир имарат Ысык-көлдүн күңгөй бетине курулуп, кароосуз калып, талкаланып бараткан "Аалам Ордо" маданий комплекси. Аны дагы Маданият министрлигинин карамагына өткөрүп берсе, багын ачаар беле...


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.