"Элдик репортер" рубрикасына автор Жибек - Жолу проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жарнактагы кыргыз тилиндеги жазууда кетирилген одоно катаны сүрөткө тартып жөнөткөн.
Негизи коомчулук көчөдөгү көрнөк - жарнактардагы кыргыз тилинде жазылган сүйлөмдөр башаламан жазылып, каталар көп экенин айтып нааразы болуп келишет. Айрыкча орус тилинен которулган сөздөр сөзмө - сөз которулуп, туура эмес жазуулар шаардагы жарнамалардан көп байкалат.