Элдик репортер: Оңдоо иштери башталбай жатып, элдин нааразылыгын жараткан жол маселеси
Новость KTRK/videograp

Нарын шаарынын Сагынбай Орозбаков көчөсүндө жол оңдоо иштери башталган. Бирок оңдоо иштери баштаалары менен элдин нааразылыгын жараткан маселе көп болууда. 

Жолдун үстү түздөлүп эле, кайра асфальт төшөлгөнү турат. Анын айынан жол жарым метрден ашык көтөрүлүп, жол жээгиндеги үйлөр ылдый чөгүп кетти. Эң биринчиден тургундардын ыңгайлуулугу каралышы, эске алынышы керек эле. Бирок бул жерде эптеп эле жол оңдоо иштерин тез арада бүткөрүү болуп жатат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.