POST1RIGHT
Теологиялык колледждин алгачкы бүтүрүүчүлөрү дипломго ээ болушту. Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу колледж өлкөнүн ал учурдагы Коргонуу Кеңешинин чечими менен калктын диний сабатсыздыгын жоюу максатында уюшулган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия анын окуу усулдарын, билим берүү ыкмасын медреселерде да жайылтууну максат кылууда.
Алгачкы 26 бүтүрүүчү дипломго ээ болушту. Теологиялык колледж Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн.
2014-жылы өлкөнүн ал учурдагы Коргонуу Кеңешинин чечимдерине ылайык диний билим берүүнү реформалоо иши башталган. Колледж Билим берүү жана илим министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана муфтияттын макулдашуусу менен ачылган.
Жакынкы Чыгыштагы окуялар, ага Кыргызстандын жарандарынын аралашуусу калктын диний сабатсыздыгын жоюу зарылчылыгын көрсөткөн. Ар кандай азгыруулардын алдын алуу максатында 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы иштелип чыккан. Жер-жерлердеги имамдар да окутулуп, аларга стипендия берилди. Агартуу тармагындагы бул аракеттердин негизги максаты элди толеранттуулукка үндөп, ислам дининин тынчтыкка негизделген баалуулуктарын жайылтуу болуп саналат.