Элдик репортер: Кант кызылчасы жүктөлгөн унаалардын кезеги бир нече чакырымга созулууда
Новость KTRK/videograp

Кант кызылчасынын быйыл түшүмү мол болуп дыйкандарды кубандырып жатса, бир жагынан кабыл алуу пунктунда иш жай болуп убайымга салып жактан учуру. Анын айынан  Кант шаарынын тургундарына дагы ыңгайсыздык жаралууда. Кант кызылчасы жүктөгөн унаалардын катары бир нече чакырымды түзүп, аягы шаардагы базарга чейин жетип калган. Анын айынан шаарда унаалардын тыгыны көбөйүүдө.

Жылына ушул маалда шаарда тыгын болуп, ызы-чуу башталат. Кант кызылчасын кабыл алган пункттун иши жакшырбай койду. Эмне үчүн ушундай нерселер тиешелүү мекемелер алдын ала чара көрүшпөйт? Жылына кеч күзгө чейин ушул көрүнүш кайталанат. Ал тургай кезекке тургандардын айрымдарынын кызылчалары чирип кеткен учурлар катталган.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.