Кыргызстандын аймагында элдик нааразылыгын жараткан дагы бир жагдай бул базарлардагы башаламандык. Соода-сатык бир эле базардын ичинде жүрбөстөн, унаа жолдорунун ортосуна чейин чыгып кетет. Анын айынан бир нече саатка созулган унаалардын тыгыны пайда болот.
Бул жолу мындай башаламандык качан тартипке салынат деген жаран Өзгөн шаарындагы абалды видеого тартып жөнөткөн.
Базардын жанына келгенде 3 чакырым аралыктан 3 саат дегенде араң чыгабыз. Базарларда тартип көзөмөлгө алынбагандыктан, соодагерлер каалаганын кылышат. Чоң жолдун эки жагына чейин отурукташып алышкан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.