Балыкчы шаарында «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Шаарга жалпысынан 84 видео байкоочу камералар орнотулган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн. Системалардын бири шаардын кире беришине, дагы бири атайын унаада орнотулуп иштеп жатат деп билдирет жергиликтүү бийлик.