POST1RIGHTКадамжай районунун Айдаркен шаарындагы жолдору оңдоого алынганына көп өтпөй тургундардын нааразычылыгы башталган.
Анткени жаңы асфальт төшөлүп жаткан жолдун туурасы мурун 10 метр болсо, азыр 7 метрге кыскарып, калган жерлерине жөн эле шагыл төшөлүүдө.
Жолдор оңдолуп жатканда анын туура оңдолуп жатканына, сапатына көзөмөл кыла тургандар барбы? Же тендерден утуп алган компания эптеп бүткөрүп кете береби? Элдин арызына кулак кагыш кылган адам болгон жок. Кайсыл мекеме аркылуу маселебизди чече алабыз?-, деп кайрылат шаар тургундары.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.