Бишкек шаарынын айланасына отурукташкан айрым конуштарда дагы деле суу, свет маселеси чечилбей келет. Анын айынан конуш тургундары кыш жакындаганда электр чубалгыларын түркүгү жок эле тартканга аракет жасап жатышат. Бул бир четинен мыйзамсыз нерсе болсо, экинчиден айла жоктун иши болууда.
Ушундай көрүнүштөрдүн бирине күбө болгон окурман видеого тартып жөнөткөн.
Ак-Ордо 2 конушунда айласы кеткен тургундар, электр чубалгыларын өзүлөрү тартып жатыптыр. Бул адам өмүрүнө аябай эле кооптуу болсо керек. Кыш жакындап калганда мүмкүн тиешелүү мекемелер бир мүмкүнчүлүгүн карап беришет.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.