Сокулук районунун Селекция айылына таштанды ташуучу унаалар келбегендиктен, айыл тургундары көчөлөргө төгүлгөн таштандылардан, андан чыккан жагымсыз жыттардан арыла албай келишет. Видео жөнөткөн жарандын пикиринде айыл өкмөтү бул көрүнүшкө эч кандай чара көрбөйт.
Автор билдиргендей, тургундар көчө четинде үйүлгөн таштандыларын өрттөөгө мажбур болушат. Таштандыны өрттөгөндөн чыккан түтүн абаны булгап, ден соолукка зыянын тийгизүүдө. Ошондуктан көйгөйдү коомчулукка чыгарып, теледен чагылдырууну айыл тургуну суранат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.