Элдик репортер: Кызыл-Кыядагы өткөрмө бекетинен Өзбекстанга өтүү кыйынчылык жаратууда
Новость KTRK/videograp

Кызыл-Кыядагы өткөрмө бекетте кармалып турганыбызга бир нече күн болду. Эч кандай шарт каралбаган жерде айдоочуларга кошумча түйшүк жаралууда. Чек арадан өтүүнү жеңилдетпей эле, кайра кыйындатып жатышат. Күнүгө ашып кетсе 10го жакын гана унаа өткөрүлүүдө. Ал эми кезекте тургандардын саны жүздү чамалайт. Биздин бекетке салыштырмалуу Өзбекстанда мындай кыйынчылык жаралбай, тез эле өтүп жатышат. 

Мындай кайрылууну Кызыл-Кыядагы өткөрмө бекетте калган оор жүк ташыган айдоочулар жөнөткөн. Алар унааларына цемент, таш жүктөп коңшу мамлекет Өзбекстанга жете албай турушат.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.